Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу аз. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Өткөн жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,3 миллиард куб метр болсо, бул жылы андан бир топ аз болууда. 1-апрелге берилген маалыматка ылайык, суунун көлөмү 13,6 миллиард куб метрди түзгөн. Азыр мындан кичине көбүрөөк, дагы көбөйөт.
Мурунку тажрыйбаларды эске алсак, быйыл жарды суу айлампасы башталды. Ал 3 жылдан 5 жылга чейин созулуп жана мындай айлампа кайталанып турат", - деди Боронов.