"КТ Мобайл" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия отурумда айтылган фактылар боюнча укуктук баа берүү үчүн маалыматтарды Башкы прокуратурага жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда SUPER.KG порталына депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.
"КТ Мобайл" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Маалымат каражаттары менен комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев иш алып барат. "Мегакомдун" директору Акылбек Жамангулов айтып чыккан фактылар боюнча укуктук баа берүү үчүн маалыматтарды Башкы прокуратурага жөнөтөт", - дейт Жээнчороев.
Отурумда Акылбек Жамангулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун айтты.
Парламентте "КТ Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын курамына Жанар Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов кирген.