Жалал-Абад шаарында Барпы атындагы драма театрында Энелер күнүнө карата иш-чара өттү. Уюштуруучулар саамалыкка баатыр энелерди лимузинде алып келишти. Энелерди шаар мэри Мураталы Тагаев менен шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев оркестрдин коштоосунда гүл менен тосуп алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Майрамдык салтанатта калаа башчысы тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып, энелерге концерттик программа тартууланды. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошуп келе жаткан айымдар Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланып, жергиликтүү бийликтин бюджетинен энелерге акчалай сыйлыктар берилди. Шаарда жалпы 27 "Эне даңкы", 204 "Баатыр эне" наамын алган энелер бар.