Өлкөдө расмий катталган жумушсуздардын саны 81 миң 200 адамды түздү

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2019-жылдын 4 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчүн жарыялады.

Маалыматка караганда, расмий катталган жумушсуздардын саны 2019-жылдын апрель айынын этегинде 81 200 адамды түздү. Көрсөткүч 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 29 пайызга өстү. Ал эми орточо эмгек акынын көлөмү 15 716 сомго барабар болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча тышкы соода жүгүртүү 1 миллиард 533 миллион долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,3 пайызга азайды. Анын ичинде экспорт – 434,4 миллион доллар, импорт – 1 миллиард 98,9 миллион доллар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
dosym
2019-05-18 18:15:54
Каерге катталыш керек жумушсузмун деп
+3
zhigitaly
2019-05-18 18:43:46
Калган 512 миллион адам кайда иштейт экен????
+3
AISANKA-89
2019-05-18 19:45:43
zhigitкaly,512млн алар кимдер, кыргыздар аран 7млн болсо?
+6
Bakyi
2019-05-18 21:13:21
AISANKA-89,6 млн
-4
zhigitaly
2019-05-20 00:24:09
AISANKA-89,жумуш менен камсыз болгон жарандар
0
BarsBaatyr
2019-05-18 18:46:02
А, расмий эмесчи?
+1
Myrza.aksy
2019-05-18 19:35:48
Чет олкодогу 1 миллионго жакын мигранттарда жумушсуз болуп саналат
+3
elchi84
2019-05-18 20:22:31
Жумушсуздар каттого туура бербейт Россияга барып иштешет булар жон эле эсептеп жакындатып туруп уруп койду окшойт.
+7
nur...nur.
2019-05-18 21:56:14
артка жонопузда аа башка мамлекеттер алдыга кетсе жегичтердин айынан
+8
Umnitsa
2019-05-19 02:37:24
орточо эмгек акы дебей эң жогорку эмгек акы 15миң дегилечи, кичине ишене тургандай кылып
+8
meku89
2019-05-19 10:55:21
Umnitsa,ошону айтсаңыз. Булар кайдагы эле орточо эмгек акы деп 15миң сомду көрсөтөт билбейм. Жогорку эмгек акы да бул. Карапайым калктыкы. А чоңдорго бул эң төмөнкүсү болсо керек.
+2
senchi
2019-05-19 12:44:11
Базар да иштегендер жумушчу болуп эсептелеби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан