Ал жакка эмнеге кирди? Ысык-Көлдө 27 жаштагы жаран таштанды таштоочу түтүккө кыпчылып калды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 27 жаштагы жаран көп кабаттуу үйдүн таштанды таштоочу түтүгүнө кыпчылып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-майда саат 23:45 чамасында 1992-жылы туулган жаран таштанды таштоочу түтүккө кыпчылып калган. ӨКМнын куткаруучулары барып, кептелип калган кишини алып чыгышкан. Андан соң жаранды окуя болгон жерге келген "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эмне себептен түтүккө киргендиги азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча ыңгайсыз абалга кабылган киши селсаяк болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Romantik.
2019-05-20 15:41:39
Хахаха
+1
CuMBoJI
2019-05-20 16:24:55
Бироону чочутайын деп жатканго, пранк кылып
+1
bond02
2019-05-20 17:05:44
Лифт иштебей ошол тутук менен тушуп кетейин деген го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан