Жалал-Абадда оор абалда жатып чарчап калган 2 жашар кыздын таенесинин 7 айлык баласы бар

Жалал-Абадда оор абалда ооруканада жатып чарчап калган 2 жашар кыздын өгөй таенесинин 7 айлык баласы бар. Бул тууралуу чарчап калган кыздын апасына жардам берип жүргөн Каныкей Азаматова билдирди.

Анын айтымында, кызды кечээ, 20-майда жерге беришкен.

"Азыр үй-бүлө мүчөлөрү сурак берип жатышат. Өгөй таененин 7 айлык эмчектеги баласы бар экен. Учурда териштирүү жүрүп жатат", - деди Азаматова.

7-май күнү Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөнү белгилүү болгон. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Буга чейин кыздын абалы өтө оор деп бааланып келген. Анын апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган. Кыздын атасы кыздарына келип кабар албай турганын кыздын апасы айтып чыккан болчу.

Кечээ, 20-майда оор абалда жаткан кыз чарчап калган.

Жалал-Абадда ооруканада жаткан 2 жашар кыз чарчап калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Avrora2017
2019-05-21 20:03:48
Анан жети айлык баласы болсо эмне экен, ошондо жазасыз калабы, ошол кантип бироонун баласын олтуро сабайт озунун кичик баласы турса журок деген барбу деги, жети айлык баласын шылтоо кылбай ачык айтпайсынарбы вртында турат деп коргочулар ошон учун камала элек таенеси, , жазып атышпады беле органда туугандары иштейт экен деп. Болбосо эчак тыгып коюшмак тыкчу жерге бир простой болсо бала саласын карабай туруп
+7
Djal1987
2019-05-22 01:10:57
Жаным ай жаным. Мээрим корбой мерез адам кордоду. Балакайдын коргон кундорун элесте албайм. Кыйналып журуп таштап кете берди бул жашоону. Атасы апасы убалына жетинер(((
+7
Baku88
2019-05-22 09:51:01
Олгучо сабаган кандай акмак аял деги башыны жеп калгыр 7 айлык баласы бар экен кудай жазасын берсин ХХХХ
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан