SUPER TV: "Наристемдин чарчап калганына ишенбейм" дейт эгиз төрөгөн эне

Зарина Мамутова аттуу айым 2018-жылдын 22-декабрында Токмоктогу төрөтканалардын биринде эгиз уулдуу болгон. Бирок бир күн өткөндөн кийин дарыгерлер эгиздин түгөйү чарчап калганын айтышкан. Ал жолдошу менен бирге буга ишенбей турганын билдирип, "төрөткананын кызматкерлери баламды башка наристеге алмаштырып коюшкан" дейт.

"Мен кош бойлуу кезимде 9 ай бою дарыгердин кароосунан өтүп жүрүп, эгиз уулдуу болдум. Көз жарган соң дарыгерлер бир уулумду көкүрөгүмө жаткырып, экинчисин башка жакка алып кетишкен. Алардын кароосунда болду. Мен дарыгерлерден улам сайын баламдын абалын сурап турдум. Баары жакшы экенин айтышты. Бирок кечке маал "балаңдын абалы оор, аны жандандыруу бөлүмүнө жаткырдык" дешти. Ишенген жокмун. Көрсөткүлө десем, кирүүгө болбой турганын, эртеси наристе чарчап калганын айтышты", - дейт ал.

Окуянын чоо-жайын толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрө аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aruujanshaxi
2019-05-23 11:05:59
Милиция менен даарыгерлерден коркуп жашай турган болдук го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан