21-майда кечки саат 20:30 чамасында Бишкек шаарынын Улан кичи районунда бак өрттөнүп жаткандыгын көргөн жашоочулар "Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин чакырышкан. Бул туурасында аталган ишкананын басма сөз катчысы Аида Айдаралиева социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 21:00дө окуя болгон жерге келип, түнкү саат 01:00гө чейин өрттү өчүрүп, бакты кыйып салышкан.
Айдаралиева менен байланышып, окуянын чоо-жайын сураганыбызда белгисиз жаран тамекинин бүчөгүн бактын түбүнө таштагандан улам өрт тутанганын кабарлады.