Кыргыз өлкөсүнө 12-июнда Монголиянын президенти, 13-июнда Кытайдын төрагасы келет

Кыргыз өлкөсүнө 12-июнда Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, 13-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин келет. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал билдиргендей, Кыргыз мамлекетинде эл аралык масштабдагы иш-чаралардын өтүүсү күтүлүүдө. "Бишкекте 13-14-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Кыргыз өлкөсүнө 14-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди келет. Бардык иш-чаралар биз үчүн сыймык. Жакында өтө турган иш-чараларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек", - дейт премьер-министр.

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргыз мамлекетине иш сапары менен келе элек. Ал эми Си Цзиньпин 2013-жылы сентябрда ШКУнун саммитине мамлекеттик сапар менен келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erik2018
2019-05-22 16:39:25
Жакшы жаңылык экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан