Казакстан Кыргыз мамлекетинен жашылча-жемиш ташууга киргизилген фитосанитардык чектөөлөрдү алды

Казакстан Кыргыз мамлекетинен жашылча-жемиш ташууга киргизген чектөөнү алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда SUPER.KG порталына Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, картошкага, курмага жана алмага болгон чектөөлөр алынды. Эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери карантиндик көзөмөл боюнча жол картасына байланыштуу кол койгон протоколду ишке ашыруунун негизинде чектөөлөрдү алуу чечимин кабыл алышкан.

Казакстанга Кыргыз өлкөсүнөн азык-түлүк алып кирүүгө 19-февралда убактылуу тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aktan2018
2019-05-22 20:33:10
Картошканы жарабай калгандайын аны ким алып отмок эле.
+3
bazar
2019-05-22 20:44:56
Казак туугандар жакшы түш көрсө чек арасын ачып, жаман түш көрсө жаап койуп балээ болду. Эми жаз келгенде жаңы картошкаларын ташып кирсин деп ачтыбы
+2
Nur777
2019-05-22 21:24:41
Себеби жай мезгили жакындап калды да,сугатка суу керек,казак деген эл пайдасы керек учурда далыга чаап дос,иши буткондон кийин кайдан кордум кара эшек,сайдан кордум сары эшек дегендей...
+4
Goodyer
2019-05-22 21:55:43
Эми сууга дагы чек койуш керек. Анан Казактар менен конретно суйлошуп чечиш керек кышта жолду жаппай турган кылып
+3
aiba.8327
2019-05-22 22:26:18
Мм ошондо бадран мн помидор кымбатайт экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан