Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеште депутат Таабалды Тиллаев депутаттар каникулга кеткенге чейин өкмөт чек ара маселеси боюнча маалымат бериши керектигин айтты.
"Кечээ, 22-майда Баткен облусунда чек арада кайрадан чыр болду. Жогорку Кеңеш чек ара маселеси тууралуу токтом кабыл алганбыз. Ал жерде жазылгандай, өкмөт квартал сайын эмне жумуш аткарып жатканы боюнча отчёт бериши шарт. Депутаттар каникулга кеткенге чейин бул маселе боюнча өкмөттүн маалыматын угушубуз зарыл. Көйгөйдү чечүү керек", - дейт Тиллаев.
Кечээ Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында кайым айтышуу болуп, асманга ок атылган.