Депутат: "Окуучуларды 9-класстын базасында медициналык колледждер кабыл албайт. Бул боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу керек"

"Кыргыз мамлекетиндеги колледждердин баары окуучуларды 9-класстын базасында кабыл алат, эмнегедир медициналык колледждер кабыл албайт" деп бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди.

Ал өкмөттүн 9-класстын базасында окуучулар кабыл алынбасын деген токтому бар экенин айтты. "Тактап көрсөк, алар балдардын жаш курагын шылтоо кылышат, бирок анын негизи жок. Менин оюмча, бул жерде балдардын кесип тандоо укугу чектелип калган. Ошондуктан өкмөт өзүнүн негизсиз чыгарган токтомун жокко чыгарышы керек. Биз кечээ эле балдардын 9-класстан кийин билим алуусун улантуусуна шарт түзө турган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин талкууладык. Алардын каалоосуна жараша атайын кесиптик билим берүү демилгесин депутаттар, анын ичинде өкмөт өкүлдөрү да колдоду. Демек, сен тигил кесипти танда, бул кесипти тандоого укугуӊ жок деп жаштардын кесип тандоо укугун чектөөгө болбойт. Медицинанын башка кесиптерден эч кандай деле артыкчылыгы жок", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kazakov1991
2019-05-23 10:35:51
кандайча эч кандай артыкчылыгы жок адамдын омуру менен курошот. сваршик же токор эместа
+5
Sayragul
2019-05-23 11:24:54
Туура 11-классты буткон базасында алынуусу. Адам омуру турат, бул биз тааныбаган депутат тура калып эле суйлой койгонбу. СССР убактысынан бери бул системаларды изилдеп, талдап, бала бакча, мектеп, кайсы окуу жайга канча жашынан жондомдуулуктору каралып, анан кабыл алуу такталган.
+4
taalay25
2019-05-23 12:47:40
Ар нерсени эле оттой беришет
0
Sprite
2019-05-23 12:48:31
11-классты бутуп окуйбу,бутпой окуйбу ал окуучунун оз иши.Тыгылып жатпайбы жогорку билимдуулор,иш менен камсыз кылууну чечсенер биринчи.Бутору бутуп алып жумуш жок,тологон контракты деле актабайт айлык иштейин десен.
+2
Kroxa
2019-05-24 21:46:28
9ду бутуп окуса жылы кобуроок окуйт мейли эле да..болгону эле жакшы..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан