Бишкекте 36 жаштагы келин изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, 17-майда Свердлов РИИБине Ш.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда өзүнүн жубайы Зейнеп Нуракова менен 15-май күнү саат 10:00 чамасында Республикалык диагностикалык борборунун алдында уруша кеткен. Мындан улам аялы белгисиз тарапка кетип калган. Ошол боюнча кайра кайрылып үйгө келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 165-167 сантиметр, арык чырай, чачы кара.
Кийип жүргөн кийимдери: кызыл көйнөк, көк бут кийим кийип жүргөн.
Милиция кызматкерлери сүрөттөгү аялды көрүп-билгендер болсо төмөндөгү телефон номерлерге чалып байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефондору: 102, 0553 10 23 87, 0703 22 26 22, 0702 49 88 88, 0772 84 73 36.