Депутат автоунааны ишеним катсыз айдоо укугун жоюу сунушталып жатканын айтты

24-майда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмү боюнча маселе каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев эл арасында жол кыймыл эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдардын өлчөмү жогору болгондуктан нааразычылыктар көп болуп жаткандыгын айтты.

Анын айтымында, аталган айып пулдар жөнөкөй элдин маянасына туура келбейт. "Айрым жол кыймыл эрежелерин бузууларда айып пулдар негизсиз эле коюлуп калгандай. Фракция тарабынан сунушталган мыйзам долбоорунда 10 күн ичинде төлөй турган болсо айып пулдун 25 пайызын, 20 күн ичинде төлөй турган болсо 50 пайызын, 30 күндө төлөй турган болсо 100 пайызын төлөө белгиленген. Ошону менен катар автоунааны ишеним катсыз айдоо укугун жоюу, айдоочулар бейбаштык кылып жол эрежелерин бузган учурда айып пулдун өлчөмүн кескин жогорулатуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталып жатат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bars88
2019-05-25 12:15:14
Дагы бир тантыгы чыктыбы.Мурдагы ээсин каяктан табат ишеним кат менен жургон киши балким Россияда жургондур ээси
+5
asdef
2019-05-25 14:34:19
Bars88,Наоборот ишеним кат мн айдатыш керек деп атат
-3
Missing-u
2019-05-25 12:51:00
А штрафты толобой койсо праваны алып коет деген,же пения кошулуп кете берсе бир нерсе кылабыз деген жери барбы закондо? Толосун,толош керек дегенин эле окудум а толобой койсо эмне болот деген жери жок экен тактап койгулачы
+2
Beck_13
2019-05-25 12:59:26
Ушул депутат ишеним катсыз айдоо укугунан ажыратуу жоюу дегенди тим эле койбоптур да. Билебиз эми уну чыгып калганын, шайлоодо кимди ээрчип жургонун. Мурда аябай сыйлачуумун.
+2
aza84
2019-05-25 15:08:56
Кайра эле нотариус тар жыргайта
+3
BekAmir
2019-05-25 16:23:51
Штрафты азайткыла элдин канын соруп жарылайын деп калдынар
0
Chungyz
2019-05-25 16:42:54
Озунордун кызыкчылыгынарды ойлобой элди да ойлогула
+2
talant87
2019-05-25 18:44:34
Аформиленияны арзан кылса 1000 сом нномерге 1000 сом откоргонго машинаны бардыгы озуно откоруп алат саткандада озуно откоруп алат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан