2019-жылдын январь-мартында республиканын ишканаларында, уюмдарында жана мекемелеринде 1 миң 700гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, анын ичинен үчтөн бир бөлүгү 517 орун чакан ишканаларда. Жаңы жумуш орундарынын 19 пайызы билим берүү чөйрөсүндө, 17 пайызы соода, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөлөрүндө болду.
Жумуш орундарын түзүү боюнча Бишкек, Ош шаарлары жана Баткен,Талас облустары алдыда.