Интернетке ЖАМКнын кызматкери менен айдоочу урушуп жаткан видео тарады

Социалдык тармактарда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери менен айдоочу урушуп жаткан видео тарады.

Анда унаасы менен кетип бара жаткан айдоочуну ЖАМКнын кызматкери токтотот. Видеодон айдоочу "сиз өзүңүз мас экенсиз, эмнени текшересиз? Бизди эмнеге тостуңуз?" деп сүйлөгөнүн көрүүгө болот. ЖАМКнын кызматкери "сен мени сөгүп жатасың" деп андан ары экөө бирин-бири урушат. Интернетте кызматкер мас абалда экени айтылат.

Бул видео боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирүү таратты. Маалыматта окуя 26-май, жекшемби күнү болгону жазылган.

"Тасмадагы адам Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү абактарынын биринин кызматкери. Бул окуя жумуш эмес күнү болгон. Мындан улам кызматтык иликтөө башталды", - деп билдирген аталган кызматтан.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери айдоочу менен урушуп жатат (абайлаңыз сөгүнгөн сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tyka
2019-05-28 01:12:27
Жумуштан кетти болот да сотточу беле бизде))
+1
Ulan2601
2019-05-28 03:48:47
Эмнеге бетин жаап койосунар эл корсун ушуга окшогон акмактарды
0
munar1980
2019-05-28 10:10:10
Эмне болуптур сотрудник болсо мыйзам баарына бирдей
0
Catti-80
2019-05-28 10:14:40
15 жыл строгий режим бериш керек
Именно черный турмого
Башкаларга сабак болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан