Менчик бала бакчаларга ата-энелер төлөчү акчанын жарымын мамлекет төлөй баштайт (тизме)

2019-жылдын 1-июнунан тартып Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор ишке ашырылып баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоону кеңейтүү максатында мамлекет менчик бала бакчалар көрсөткөн кызматы үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50 пайызын өзү төлөөгө даяр.

Социалдык кызмат төмөнкү категориядагы 3төн 5 жашка чейинки курактагы балдарга каралган:

- көп балалуу үй-бүлө (5 жана андан көп бала);

- аз камсыз болгон үй-бүлө;

- баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем;

- ата-энесинин бирөөсү I же II топтогу майып;

- ата-энесинин бирөөсү же экөө тең мамлекеттик/муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем.

Бул долбоорго катышуу үчүн ата-энелер төмөнкү документтерди Билим берүү жана илим министрлигине жиберсе болот.

- долбоорго катышуу үчүн арыз;

- ата-эненин (алардын ордундагы адамдар) паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү;

- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү;

- баланын медициналык маалым каты.

Көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн кошумча документ:

- үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалым кат.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн кошумча документ:

- Бишкек шаарынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан кирешелер тууралуу маалым кат.

Баккан адамынан айрылгандар үчүн кошумча документ:

- үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалым кат.

- атанын/эненин иштеген жеринен акыркы 6 айда тапкан кирешелер тууралуу маалым кат же Бишкек шаарынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан кирешелер тууралуу маалым кат.

Эгер ата-энесинин бирөөсү I же II топтогу майып болсо, кошумча документ:

- майыптыгын аныктоочу медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу.

Ата-энесинин бирөөсү же экөө тең мамлекеттик/муниципалдык кызматкер болсо, кошумча документ:

- ата-эненин иштеген жеринен акыркы 6 айда тапкан кирешелер тууралуу маалым кат (мындай маалым кат жарым жыл сайын берилип турат).

Эгер менчик бала бакчага барчу бала ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, кошумча документ:

- Республикалык психологиялык-педагогикалык кеңештин корутундусу. (Бишкек шаары, Кулатов көчөсү, 37. Мектеп-интернаттын имараты).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Catti-80
2019-05-28 10:12:10
Кошунадан дагы справка керек деп жазып койсун эми
+11
mamatkerim1968
2019-05-28 10:27:17
Ушундай адамдар баласын менчик бала бакчага бералмак беле, женилдик киргиздик деп элди алдайбыз дешкен окшойт.
+18
Chungyz
2019-05-28 10:30:02
Ушундай чуркамай токтотуш керек
+2
Shokoladka94
2019-05-28 14:00:00
Женилдеттик деп элди алдай беришет ээ? Аз камсыз болгон уй-було, коп балалуулар мамлекеттик бакчага киргизе албай журот анан кайдагы менчик бала бакча? Менчик бала бакчага акчалуулардын балдары барат, элди ойлосо мамлекеттик бакчаларды кобойтпойбу? Ар бир миллинонер шайлоодо чачкан акчасын болбогон кагаздарга, ырчыларга коротпой бала бакча куруп берип койсо элдин батасы да, добушу да берилет эле го!? Анан элди ойлоп антип-минтип деп апыртышат да куйгузуп
+9
Shokoladka94
2019-05-28 14:02:53
Менчик бала бакчага каражатыбыз жетпей, мамлекеттикке киргизе албай журобуз 4 айдан бери. Орун жок 1 кроватка 2ден бала жатат, айланын жогунан чуркап журуп, сураган суммасын берип анан киргизебиз мамлекеттик бакчага
+5
Umakg
2019-05-28 14:16:45
50-просент акчасын жугуруп журуп дакментке кетип калатго эмне кереги бар ушул нерсени кок мээ адамдар иштейби озу
+2
kg_salim
2019-05-28 16:26:31
Бул справкаларынарды чогултуп буткончо менин балам мектепти бутотко буйруса.
+6
turaliev
2019-05-29 00:11:29
kg_salim,жарыпсызго
-1
radostmoya
2019-05-28 17:31:00
Нан жегинер келсе ун апкелгиле болуптур го))) менчик бакчага акчасы аз 12минден кем айлык алгандар барбайт го дейм теп более4-5 бала. Менчик бакчага биз айына 10мин толойбуз.
+3
Aitik
2019-05-28 20:03:54
Убактылуу эле болуп калбайбы.. баары бир бала бакча кымбаттай берет.. 4-5 жылдан соң маанисин жоготот.
Азыр 5000 сом болсо..3-4жылдан соң 10000 сомго көтөрсө..аны ким тескейт?
Коррупция схемалар биринчи күрөшүү керек.
0
Kroxa
2019-05-28 23:39:42
Менчик бала бакчанын ээлери эле бул долбоорду жактабаса 12мин алган ата эне кайсы арына 5тен коп баласы бар кайсы арына 10мин толоп менчик бала бакчага берет баштарынарды жоон эле которуп алып кайдагыны айтпай иштеткилкчи кичине ойлонуп айткылачы закон чыгараардан мурда...
+2
bessmertiy
2019-05-29 03:09:01
Бул документтерди топтоп бүткөнчө качан ээ ХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан