Орусиянын жарандыгын алгандарга Кыргыз өлкөсүндө жер тилке сатып алууга уруксат берилип башташы мүмкүн

Кыргыз өлкөсүндө төрөлүп, башка мамлекеттин жарандыгын алгандарга мекенинде жер тилке сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоору иштелип чыкты. Анын авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Эмил Токтошев, Гульнара-Клара Самат жана Искендер Гаипкулов.

Демилгечилердин айтымында, Мамлекеттик миграция кызматынын расмий маалыматы боюнча учурда Орусияда 600 миң Кыргыз жарандары бар, ал эми Кыргыз мигранттарынын жалпы саны 700 миңден ашат.

"Орусияда жана Казакстанда саясий кырдаал өзгөргөн сайын мигранттарга болгон мамилеси кээде жумшарып, кээде күчөтүлүп жатат. Мындан улам биздин мекендеш-мигранттарыбыз кайсы өлкөдө жүрсө, ошол өлкөнүн жарандыгын алууга аргасыз. Орусиянын ИИМинин маалыматына ылайык, 2018-жылы 6 миң 485 Кыргыз жараны Орусиянын жарандыгын алышкан. Алардын көбү чет жерде убактылуу болуп турушат деген ойдо. Бирок Кыргыз мыйзамы аларды чет өлкөлүктөр катары кабыл алышат жана айрым укуктарын чектейт. Мисалы, чет өлкөнүн жараны айыл чарба жерлерин убактылуу пайдалана алат, бирок ээлик кыла албайт. Ошондуктан алар жер сатып алып, туугандарына катташууда", - деп айтылат маалыматта.

"Башка өлкөнүн жарандыгын алса да, алар Кыргыз жарандары болуп эсептелинет жана башка жарандардай турак жайга ээ боло алышат. Сунушталган долбоор мурдагы Кыргыз жарандарына, СССРдин жараны жана башка өлкөнүн жарандыгына ээ болгондорго карата айрым чектөөлөрдү алып салууга багытталган. Чектөөлөрдү алып салуу коңшу өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү болбойт", - дешет демилгечилер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Rusi79
2019-05-28 18:31:32
Ал нерсе менен кана чектелип калбай жана башка да женилдиктер берилиш керек.Паспорту эле Рф болгону менен тапкан акчасын Кр га салып экономикага ото чон пайда алып келип жатышат.
+11
baatyr79
2019-05-28 19:02:20
Кытай казак башка улуттарга караганда алар кыргыз го,жер,үй,машина өзүнүн атында болуш керек.Акыл то сатылып жатат любой улуттарга.
+9
baatyr79
2019-05-28 19:03:02
А то
0
Take_men
2019-05-28 19:10:25
Эртерээк уруксат берилсе экен өз жериңде "чужой" болуп документке чуркаган азап го
+6
KAYRATBEK
2019-05-28 19:11:23
Ушул мыйзам ото керек. Бирок ото кылдаттык менен карап иштеп башка эле улуттун жарандары кирип кетпечуудой кылып ото кылдат иштеп чыгыш керек. Мисалы мен да РФ жаранымын. Бирок Кыргызстанда жерим бар уйум бар. Бирок менин атымда эмес. Кыргыстанга барып бир жумуш кылалы дейбиз бирок документке келгенде токтоп калабыз.
+10
senchi
2019-05-28 20:24:24
KAYRATBEK,кошулам созуно
+3
patiydin
2019-05-28 20:58:00
РФ эле эмес башка олконун жарандыгын алган боордошторуубузгада ушундай мумкунчулук беруубуз керек. Себеби алар биздин эн негизги инвесторлор, элди ойлогон, чёт жакта журуп элибиздин тентип жургонун билет.
+2
BekAmir
2019-05-28 23:48:56
Эн туура
+2
senchi
2019-05-28 23:56:36
Кытайларга бербегиле
+3
Luna15
2019-05-29 08:38:03
Жакшы кабаргоо,РФ мн Кыргызстанга барып жашайбыз десек ал жактан кайра эмне документ алышыбыз керек ошолорду да жазып коюшса жакшы болот эле,биз жайында кудай буюрса кетели жерибизге деп жатабыз,бирок паспорт РФ
+1
barakcha
2019-05-29 11:55:21
Колдойбуз!Мигранттардын акчасы менен КР жашап атат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан