Путинге, Лукашенкого, Жээнбековго Казакстан тунгуч президентинин ордени тапшырылды

Бүгүн, 28-майда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго Казакстан тунгуч президентинин орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков Нур-Султан шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракелүү жыйынына катышуу үчүн барган.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргыз-Казак өлкөсүнүн ортосундагы бир туугандык мамилени орнотуп, бекемдөөгө кошкон жеке салымын белгиледи. Өлкөлөр ортосунда эки тараптуу гана эмес, эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташтык жана өз ара аракеттенүү өнүгүүдө. Ал ошондой эле Нурсултан Назарбаевдин евразиялык интеграцияны түзүү жөнүндөгү демилгеси иш жүзүнө ийгиликтүү ашып жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары дагы тереңдешине ишенимин билдирди.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз мамлекети менен мамилелерди өнүктүрүүнү ар дайым колдоп келгенин жана колдой берерин белгиледи.

Нурсултан Назарбаев президент Сооронбай Жээнбековдун алган багытын колдогонун белгилеп, анын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Казакстан тунгуч президентинин ордени Жээнбековдон тышкары Орусиянын президенти Владимир Путинге жана Беларустун президенти Александр Лукашенкого тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Tolkun555
2019-05-28 20:59:41
куттуу болсун.
+2
Ka2sr1
2019-05-28 21:10:40
Атамбаевти куугунтуктаганы учун бериптирби. Кайран АША ушул Соке досун президент кылам деп Назарбаевге жаман корунуп журду, андан башка Бабановтун жана башкалардын шайлоочуларына да жаман корунуп журду. Аягы минтип Сокеге кылган жакшылыгы куйуп кетти. Бийликте достук жок. Бийликте озумчулдук гана бар.
+6
Erik2018
2019-05-28 22:44:17
Ka2sr1,Ичиң күйсө туз жала Атамбаевге бербеген сыйлыкты Жээнбековго бергендин озу чоң жетишкендик. Атамбаев тилинин азабын тартып албай калды. Сыйлык оз ээсин тапкан экен.
-2
Jaznura
2019-05-28 22:55:45
Ka2sr1, ичинер отуп жатса туз жалагыла
0
FC-Abdish-ata
2019-05-28 21:18:28
Даа Соке брат Атамбаев Назарбаев менее сени спутав учуг
-3
Jaznura
2019-05-28 22:55:10
FC-Abdish-ata,Казакстан менен мамилеге Атамбаев суу куюп кеткен
-3
Alixan-Nookat.2015
2019-05-28 21:55:55
Атамбаев катуу сүйлөп коюп Назарбаевге чек ара жабылып карапайым калк кыйналганда Сооронбай Жээнбеков сүйлөшүп ачкан болчу чек араны
+1
Aikaaaa
2019-05-29 07:01:51
Alixan-Nookat.2015,анан өткөн күздө, жазда
эмне болду? Атамбаевдин сөзүн кайра эстеп кетиптирби?
+4
Tolkun555
2019-05-28 22:28:59
АШАны камаш керек.именно Сооронбайды колдоп президент кылганы учун.
+5
Jaznura
2019-05-28 22:56:43
Tolkun555,Бабанов президент болгондо башынарга жангак чакмак
-1
Erik2018
2019-05-28 22:47:11
Сыйлык оз ээсин тапкан экен. Президент мындай сыйлыка татыктуу болчу. Казак кыргыз элинин ынтымагы жана эки элдин достук алакасы арта берсин демекчимин
-4
Erik2018
2019-05-28 22:48:31
Сыйлык Оз ээсин тааптыр, куттуктайбыз Сооронбай Шарипович!
-2
senchi
2019-05-28 23:54:42
Дагы бир демеге кол койгону бардыда,эмне силерге орден алганы барды дейсинерби. Орденди эмне учун берди? Жугуруш боюнча биринчи орунду ээледи деп бердиби.
+4
Nur777
2019-05-29 02:18:34
Дагы нени кармата берди экен казактарга Соке...
0
Jaznura
2019-05-29 09:14:34
Nur777, жаш эле туруп кара ниеттигинди улуу кундо. Баары эле сага Атамбаев эмес. Күлүп туруп жайлаган
+8
Erik2018
2019-05-29 09:15:13
Nur777, Жаман ниеттинди оңдочу сыйлык бир эле Жээнбековго эмес Владимир Путин менен Александр Лукашенкого да берилди.
+5
NURSAPAR
2019-05-29 09:06:04
Неге бирөөнүн ийгилигин көрө албаган көр пендесиңер
+11
Jaznura
2019-05-29 09:18:04
Атамбаев Казакстан менен жылуу мамилеге муздак суу куюп, ишкерлерди сызга отургузуп кетти. Бузулган ыркты Жээнбеков келип ондоду. Мойнунарга алгыачы АШАнын троллдору
+9
nabievich
2019-05-29 09:26:55
президент сыйлыгыңыз кут болсун!!! эл аралык мамилелерди калыбына келтирип жатасыз иш сапарыныз ийгиликтүү болсүн
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан