Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына талапкер Дастан Догоев биометрикалык паспорт даярдоо боюнча тендер чырына эч тиешеси жок экенин айтты.
"Мен Мамлекеттик каттоо кызматында 2014-2018-жылдары иштегем. Калктын биометрикалык маалымат базасын түзүүгө катышкам. Техникалык жана архитектуралык багыттагы даярдоо иштерине өзүм жеке катышкам. Буга байланыштуу УКМКга күбө катары чакырылгам", - дейт Догоев.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин, экономика министрлигине Санжар Муканбетовдун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин, өкмөттүн аппарат жетекчилигине Самат Кылжыевдин талапкерлиги сунушталууда. Учурда алардын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатат.