Жайкы эс алууга карата бир катар жаңы аба каттамдар ачылат

2019-жылы туризмди өнүктүрүү максатында бир катар жаңы аба каттамдарын ачуу пландалды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Qazaq Air" авиакомпаниясы ушул жылдын 7-июнунан тартып Алматы-Ош-Алматы багытында аптасына эки жолу - жума жана жекшемби күндөрү каттай баштайт. Бул авиакомпания ушул жылдын 5-апрелинен баштап Алматы-Бишкек-Алматы каттамын ишке киргизген.

Ал эми "Air Arabia" авиакомпаниясы 2-июлдан баштап Шаржа-Бишкек-Шаржа багытында аба каттамын ишке ашырат. Каттам жумасына 4 жолу – шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү болот.

"Өзбек аба каттамдары" авиакомпаниясы дагы 27-июндан баштап Ташкент-Тамчы-Ташкент каттамын ачат. Каттам чартердик негизде аптанын жекшемби күнү каттап турат.

"Атлас Глобал" авиакомпаниясы тарабынан 2019-жылдын 10-июнунан тарта жайкы сезонго Анталья-Бишкек-Анталья каттамы ишке кирип, жумасына эки жолу – жума жана жекшемби күндөрү жүрүп турат. Июнь айынан баштап "Түрк аба каттамдары" авиакомпаниясы Анталья-Бишкек-Анталья багытында жумасына бир жолу – ишемби күнү учкан каттамды киргизет.

Ошондой эле 22-июнда "Сибирь" авиакомпаниясы Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багытында жумасына бир жолу - жекшемби күнү каттап баштайт.

"Tez Jet" авиакомпаниясы 28-июндан баштап, жумасына 4 жолу каттаган Ош-Тамчы-Ош каттамын жандандырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sabette
2019-05-30 08:29:01
Жакшы экен онуктуруу керек туризмди өнүктүрүү керек. Кербен аэропортунанда каттамдар май айында болот дедиңер эле маалымат берип койсоңуздар ошол боюнча!!!?
+2
admin_portal
2019-05-30 10:33:44
Sabette, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
guli-1980
2019-05-30 19:58:29
Билеттин баасын да жазып койсо болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан