"Колу сынган бала кезекте турганы туура эмес". Депутат балдар ооруканаларынын тейлөөсүнө көңүл бурууга чакырды

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев Бишкек шаарындагы эки балдар ооруканасында медициналык жардам алууга барган балдар чубалган кезекте туруп жатканын айтты.

"Бишкектеги №3 балдар ооруканасында жана Жалдагы балдар ооруканасындагы бүгүнкү абал ич жылытарлык эмес. Бул ооруканаларда тейлөө жагынан абал өтө начар болууда. Мындан сырткары тиешелүү техниканын жетишсиздик маселеси да курч бойдон калууда. Кичинекей баланын колу сынып калып, рентгенге түшүү үчүн кезекке 48-болуп жазылыптыр. Эгер кезек 50 адамдан ашып кетип жатса, колу-буту сынган балдар канча сааттан кезекте турушу керек? Бул ооруканаларда эки кезек киргизип, кошумча бирдиктерди кошуу керек", - деди депутат.

Мындан сырткары ал Жугуштуу оорулар ооруканасында да абал жыргатарлык эмес экенине токтолду.

"Жугуштуу оорулардын баары козголуп жатат, тилекке каршы, бул ооруканада бейтаптарды тейлөө үчүн орундар жок. 2016-жылы Түштүк Корея өлкөсү менен Экономика министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда 150 орундуу жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын корпусун куруу боюнча меморандумга кол коюлган. Ага 10 миллион доллар каражат каралмак. Эмне себептен бул иш токтоп турат же биз тараптан тиешелүү документтер берилбей жатабы?" - деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан