Тогуз-Тородогу айылда таза суу жоктугунан жашоочулар Нарын дарыясынан кир сууну ичип жатышканы парламентте айтылды

Тогуз-Торо районунда 15 миң адам жашаган айылда таза суу жок. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Акматов билдирди.

"Мага Тогуз-Торо районунун тургундары чыркырап кайрылды. 15 миң адам жашаган Каргалык айылында таза суу жок, жашоочулар ар кайсы кудуктан, Нарын дарыясынан кир сууну ташып ичип жатыптыр. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 2 ай мурун эскертүү берип, эки жумадан бери таза суу берүү токтотулган. Буга суунун сапатын тиешелүү экспертизадан өткөргөндө радиациялык фон чектелген нормадан 5-6 эсе көп болуп, ичүүгө жараксыз болуп чыккан. Суунун зыяндуулугу жогору экени аныкталган. Суу түтүктөрү жараксыз болгондуктан суу топтолуучу жайга кир суу берилүүдө. Бул маселе тез арада жана туура чечилиши керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан