"Ош шаарындагы мектептерде ылайыкталгандан 2 эсе көп бала окуп жатса да, жаңы мектептердин курулушуна каражат бөлүнгөн жок" дейт эл өкүлү

"Ош шаарында 36 миң окуучуга ылайыкталган мектептерде 63 миң бала билим алууда" деп бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азамат Арапбаев билдирди.

"Ош шаарында бүгүнкү күндө 55 орто мектеп бар. Долбоорго ылайык, бул мектептер 36 миң окуучунун билим алуусуна ылайыкталган. Бирок чындыгында аталган мектептерде 63 миң бала билим алып келет. Мектептерде балдар эки эмес, үч нөөмөт менен окуп, билим алууда. Ар бир класста 50-60тан окуучу окууга аргасыз. Бул нерсе алардын билим алуусуна терс таасирин тийгизүүдө.

2013-2014-жылдары долбоорлор менен 5 мектептин курулушу башталган. Бирок быйыл курулуш иштерине бюджеттен эч кандай каражат каралбаптыр. Балдар биздин келечегибиз, алар канчалык билимдүү болсо келечекте жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул маселелерди чечүү керек", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
sinej
2019-05-30 12:04:15
Мечит эмес мектеп, оорукана салганды үйрөнөлук. Мечиттерге барып сыйынып коюудан мамеселе чечилбейт. Балдарга терен билим берүү керек. Билими терең балдар дайыма алдыга умтулуп жашайт. Болбосо Аллахка ишенип өзүбүздү өзүбүз алдап отура берген болбойт. Балдарды билимге кызыктыруу керек.
+2
pat12
2019-05-30 13:05:06
Мектеп салып билимдүү жаштардын санын көбөйтпөсөк, анда түрмө салып кылмышкер, уурулардын санын көбөйтүүгө туура келет.
+1
Gema
2019-05-30 14:48:40
Супер саткындар !!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан