Депутат: "Сары-Таш кениндеги 62 ишкананын иши токтоп турат, анда 4 миңден ашык киши эмгектенип келген"

Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев Сары-Таш кени тууралуу маселени көтөрдү.

"Өзүбүздүн товар өндүрүүчүлөрдү колдоо керек. Бул өкмөттүн түздөн түз милдети. Өзгөн районунда Сары-Таш кени бар, ал жакта 62 ишкана иштеп, аларда 4 миңден ашык киши эмгектенет. Буга чейин 4 миңден ашуун киши үй-бүлөсүн багып келген. Бул ишканалар апрель айынан бери ишин токтотту.

Буга 2016-жылы 7-октябрдагы өкмөттүн токтому менен чийки зат сыртка чыгарылбасын деп 1 тоннасына 50 евро өлчөмүндөгү нарк салынган. Бүгүнкү күндө ошол нарк алып салынып, коңшу мамлекетке чийки таш сыртка чыгып кетип жатат. Мындан улам ишканалар банкрот алдында турат. Бул ишканаларды иштетүү үчүн канчалаган насыяларды алышкан. Миллиондогон акча бюджетке келип түшчү. Бул маселени карап чыгып, кайра калыбына келтирүү керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан