Борбор калаада 35 миң адамга ылайыкталган стадионду курууга инвестор табыла элек

35 миң адам бата турган стадионду курууга инвесторлор табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов билдирди.

Депутат Таалайбек Масабиров 35 миң адамга ылайыкталган стадион боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканына кызыкты.

"Буга чейин 12-кичи райондо 35 миң адам бата турган стадион курулат деп айтылган. Бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат? Жер маселеси чечилдиби?" - деди депутат.

Буга Парханов "сынак жарыяланган, бир нече компания тарабынан арыздар келип түштү. Инвесторлор менен маселе чечиле элек, жер маселеси карала элек" деп жооп берди.

Депутат канча стадион бар экенин жана анын ичинен канчоосу тиешелүү талапка жооп берет деген суроо узатты.

Бул суроого вице-премьер-министр: "2017-жылдын маалыматына ылайык, 1,5 миң кишиге ылайыкталган 18 стадион, 770 спорт аянтчасы, 19 бассейн, анын ичинен бешөөнүн үстү жабылган, 1 миң 290 спорт залы, 49 тир, лыжа тебүүчү базалар жана 70ке жакын ден соолукту калыбына келтирүүчү жайлар бар", - деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан