Мурда менчиктештирилген жана башка мамлекеттик органдарга берилген 35 бала бакчанын имаратын кайтарып алуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
"Бала бакчаларда орун жетишпей жатат, ушул себептен улам өкмөт буга чейин менчиктештирилип кеткен же башка мамлекеттик органдарга берилип калган мурдагы бала бакчалардын имараттарын кайтарып алуу аракетин жасоодо. Учурда 35 бала бакчанын имаратын кайтарып алуу аракети көрүлүүдө. Анын ичинде Бишкек шаарында мамлекеттик органдар ээлеп турган 11 бала бакчанын имараты бар. Иликтөөнүн жүрүшүндө айрым имараттар жараксыз абалда экен.
Азыркы тапта эки имарат кайтарылып алынды. Эми Салык кызматынын Октябрь жана Ленин райондорундагы бөлүмдөрүн башка жерге которуу маселеси турат. Ал үчүн жарандарды тейлөөгө ыӊгайлуу болгон имараттар изделүүдө", - деди Өмүрбекова.