Айылдарга адам аттарын ыйгаруу демилгеси парламентте кайчы пикир жаратты

"Айылдарга өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон адамдардын гана ысымдары коюлат" деп бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Анын демилгечилеринин бири Мирлан Бакиров мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

"Айылдарга мамлекеттин түзүлүшүнө жана калыптанышына түздөн-түз катышкан мамлекеттик ишмерлер менен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон адамдардын гана ысымдары коюлат. Мындай критерийлер мыйзам долбоорунда камтылды", - деди вице-спикер.

Анын оюна депутат Кенжебек Бокоев макул болгон жок. Мыйзам долбоорун талкуу учурунда Бокоев айылдарга адам аттарын ыйгаруунун зарылчылыгы жок экенин айтты.

Ал эми депутат Аалы Карашев айылдарга адамдын ысымын берүү маселесинде критерийлерди тактоо максатында редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүү керектигин сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан