Бейбаш, вандал жашоочулар Бишкек шаарындагы Айни-Чапаев көчөлөрүнө жакын жердеги сейил бактагы чырактарды талкалап кетишти. Мындай билдирүүнү Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда маалымдады.
Маалыматка ылайык, азырынча чырактарды атайылап ким сындырып кеткени белгисиз.
"Бишкек свет" муниципалдык ишканасы сынган чырактарды көп созбостон кайра жаңылап чыкты. Жалпысынан 65 лампа, 12 шар түрүндөгү чырактар орнотулду. Бул биринчи жолу болуп жаткан көрүнүш эмес, вандализмдин айынан көчөдөгү чырактардын сынып-талкаланган учуру көп катталат", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Ошондой эле шаардык башкармалык шаардын тургундарын муниципалдык буюм, мүлктөргө аяр мамиле жасоого чакырып, аны орнотууга адамдын эмгеги, шаардык бюджеттен каражат коротуларын эскерткен. Мэрия шаардагы кайсы бир буюмду талкалагандарды көргөндөр болсо Бишкек ШИИББине 0708 10-20-00 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.