Кыргыз түрмөлөрүндө 340 чет өлкөлүк жаран отурат (тизме)

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде 340 чет өлкөлүк жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк соттолгон жарандардын саны пайыздык өлчөмдө төмөнкүдөй көрсөтүлгөн:

Өзбекстандын жарандары 32,7 пайызын түзөт.

Тажикстандын жарандары 24,5 пайыз,

Орусиянын жарандары 19 пайыз,

Казакстандын жарандары 16,9 пайыз,

Түркиянын жарандары 2,6 пайыз,

Кытайдын жарандары 0,5 пайыз.

Жалпысынан абактарда 9 миң 300гө жакын соттолгон адам отурат. Улуттары боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй: кыргыздар – 62,1 пайыз, орустар – 16,9 пайыз, өзбектер – 9,8 пайыз, тажиктер –1,9 пайыз, уйгурлар – 1,8 пайыз, казактар – 1,3 пайыз, дунгандар – 0,9 пайыз, башка улуттардын өкүлдөрү – 4,9 пайыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2019-05-31 16:32:14
Кытайлар ушунча коп журот и баары законду сактап тынч журушобу?Же сотко жеткиче соттун оозун майлап кутулуп кетип жатышабы?
+4
Omush94
2019-05-31 17:03:54
Dembele84,майлап жүрсө кк
+4
Mamiev
2019-05-31 20:25:54
Omush94,Ооа майлап жатса керек чиркин майлаганда да болокчо майлап жатса керек да. Биздин сот чондор майлангады жакшы көрөт го.
+1
shahlet
2019-05-31 17:39:59
мен дагы мынча кытайлар аз деп калдым окуп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан