Бүгүн "КТ Мобайлдын" ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өттү

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңеште "КТ Мобайлдын" ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Мирлан Жээнчороев "Мегаком" компаниясы тарабынан "КТ Мобайлдын" карыздарын төлөө үчүн жыл башында эле которулган 345 миллион сом эмнегедир коммерциялык банктарга жайгаштырылганын айтты.

"КТ Мобайл" компаниясы боюнча эсеп-кысаптардын баары колумда турат. Анын жетекчилери каражатты карыздарын жабууга жумшабай эле, өздөрүнүн олчойгон маяналарына жумшаган. Өткөндө компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев "157 миӊ сом маяна алам, айрымдары маяна албайт" деди эле, анысы калп болуп чыкты. Ал 194 миӊ сом алат, калгандары деле ошондой чоӊ өлчөмдө акча алышат экен. Мисалы, бир кызматкери 3 жумушчу күн үчүн 109 миӊ сом, дагы бири 70 миӊ сом алган", - дейт Жээнчороев.

Парламентте "КТ Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын курамына Жанар Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан