Кыргыз өлкөсүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларга Раяна жана Умар деген ысым көп коюлууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 4 ай аралыгында 1 миң 238 эркек наристеге Умар, ал эми 857 кызга Раяна деген ысым коюлган.
"Умар жана Раяна аттуу ысымдар 3 жылдан бери алдыңкы ондуктун сап башында турат. Мындан тышкары жаңы төрөлгөн кыздарга Амина, Алия, Айлин, Арууке, Аруузат, Айбийке, Фатима жана Салиха деген ысымдар көп коюлууда. Ал эми балдар арасында Али, Алинур, Алихан, Билал, Нурислам, Рамазан жана Эмир деген аттар популярдуу болуп жатат", - деп жазылат маалыматта.
2019-жылдын 4 ай аралыгында 56 миң 525 ымыркай төрөлгөн. Былтыр 54 миң 892 ымыркай каттоодон өткөн.