"Бийликтин оңой башкарыла турган партиялардын Жогорку Кеңешке келишин камсыздаганы туура эмес" дейт парламенттик угуунун катышуучусу

Парламенттик угуунун катышуучусу Ильичбек Эргешов бийликтин оңой башкарыла турган партиялардын Жогорку Кеңешке келишин камсыздаганы туура эмес экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда парламенттик угууда билдирди.

"Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар берилип жатат. Тилекке каршы, биз майда-чүйдө эле өзгөртүүлөрдү киргизип, мамлекеттин жашоосун жакшы жакка бура турган нормаларды киргизбейбиз. Анткени бийлик өзүнө ыңгайлуу шартта иштей турган партияларды парламентке алып келет. Бул туура эмес. Мамлекет 28 жылдан бери өнүкпөй жатат. Ошондуктан күчтүү парламентти алып келүү керек. Жогорку Кеңештин депутаттарынын 90 пайызын эл көрөйүн деген көзү жок. Бул тууралуу социалдык тармактарда, көчөдө айтылып жатат. Партиянын тизмесине добуш берүү зарыл. Ким депутат болорун эл чечпей, партиянын лидерлери чечип келет. Бийлик оңой башкарыла турган партиялардын келишин камсыздабай, мамлекетти өнүктүрөбүз дегендердин келиши боюнча иштеш керек", - дейт ал.

Учурда депутаттар тобу шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштеп чыккан долбоорлордун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан