Депутат партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун 9 пайыз боюнча калтыруу керектигин айтты

Депутат Айнуру Алтыбаева партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун 9 пайыз боюнча калтыруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда парламенттик угууда билдирди.

"Жогорку Кеңешке өтүү үчүн саясий партияларга босого чегин 9 пайыз бойдон калтыруу керек. Жогорку Кеңешке чындап элдин колдоосуна ээ болгон чоң партиялар келиши шарт", - дейт ал.

Буга чейин депутат Бакыт Төрөбаев пайыздык босоголук чекти 5 пайызга түшүрүүнү сунуштаган.

Учурда депутаттар тобу шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштеп чыккан долбоорлордун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар, мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдар, саясий партиялардын өкүлдөрү, эксперттер жана адистер катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан