Депутат: "Калкка 10 пайыздан жогору үстөк пайызы менен насыя берүү - элди тоноого тете"

Калкка насыя берүүдө үстөк пайызы 10 пайыздан ашса, бул элди тоноого тете. Мындай пикирин бүгүн, 3-июнда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Мурадыл Мадеминов билдирди.

Комитет жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отчёту угулду.

"Насыя берүүдө жылына үстөк пайызы 20 пайыз болгону өтө көп. Эгер үстөк пайызы 10 пайыздан ашса, бул элди тоноого тете. 6-8 пайыз болгонун карапайым калк араң көтөрүп жатат. Бүгүнкү күндө банктар өтө жогорку үстөк пайыз менен насыя берүүдө. Бул жаатта тиешелүү иштерди жүргүзүү керек", - деди депутат.

Буга депутат Эмил Токтошев: "Айыл жеринде эл жакшы түшүнбөй эле үйлөрүн күрөөгө коюп насыя алып, алдырып койгон учурлар да болуп жатат", - деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан