Депутат Зиядин Жамалдинов Улуттук банкты акчаны туура пайдаланууга чакырды.
Бүгүн, 3-июнда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын иши жөнүндө отчёту угулууда.
Депутат банк тарабынан жыл сайын административдик төлөмдөргө миллиондогон акчалар сарпталып, ал эми банк жайгашкан имаратка жетишерлик көңүл бурулбай жатканына токтолду.
"Банк административдик төлөмдөргө 2015-жылы 700 миллион сом, 2016-жылы 800 миллион сом сарптаган. Эгер бул жылы айлык акыларын алса 600 миллион сомду түзөт экен. Отчётту карасак жыл сайын компьютер, жаңы эмерек алат экенсиңер жана ушул сыяктуу нерселер абдан көп экен. Мындан көрө жаңы имарат куруп алсаңар жакшы болмок. Азыркы отурган имаратыңардын абалы жакшы эмес", - деди Жамалдинов.