Исламбек Матраимов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын Ички тергөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы кызматынан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти.
"Матраимов 2019-жылдын февраль айынан март айына чейин акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болгон. 22-майда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын башчысынын буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулду", - дешти мекемеден.