Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов "Супер-Инфо" гезитине анын жана бир туугандарынын тиешеси бар же жок экени тууралуу жооп берди. Ага бул суроо бүгүн, 3-июнда "Бешинчи каналдын" "Ойбүгүн" программасында берилди.
"Кылычбек Султан "Эльдорадонун" жетекчиси Канат Маматов менен жердеш экен. Экөө сүйлөшүп, Маматов кеңсени гезитке ижарага бериптир. Анан эле Матраимовдордуку деп бизге байланыштырып салышты. Кара-Сууда жарым миллион калк жашайт. Жаңы ээси Кара-Суудан болсо эле Матраимовдордуку боло бербейт да. Муну Юстиция министрлигинен тактап көрсө болот", - деди Матраимов.
Буга чейин Кылычбек Султан "Бийликтин аракеттеринен кооптонуу жогору болгондуктан компаниянын жетекчилери менен бирдикте компанияларды өзүбүзгө тиешеси жок адамдарга каттата туруу чечими жаралды. Компанияны башка бирөөлөргө формалдуу түрдө каттоо процесси аяктап калган кезде дагы бир соттук процессте "Супер-Инфо" жеңиш менен чыкты. Бул жеңиштен кийин компанияларды сырттан бирөөлөргө каттоонун актуалдуулугу жоголуп, алар кайрадан коллектив жетекчилерине каттатылды" деп айткан. Ошондой эле гезит менен Райым Матраимовдун байланышы жок жана болгон да эмес экенин белгилеген.