Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына байланышкан окурман "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун кызматкерлерине 3 айдан бери айлык төлөнө электигин кабарлаган.
"Жалал-Абад электр" ишканасында катардагы жумушчу болуп иштейм. Маяна албаганыбызга 3 ай болду. Себебин сурасак "акча жок" дешет", - деп билдирген окурман.
Маяналардын кечигип жаткан себебин билүү үчүн аталган ишканага байланышканыбызда, алар айлык маяна кечиктирилип жатканын тастыктап, бирок 3 айлап кармалып жатат деген маалыматты четке кагышты.
"Айлык акы негизинен электр энергиясын кардарларга сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен берилет. Бир айга кечиктирилиши бул мамлекеттик мекеме-ишканалардын электр энергиясына болгон жалпы 31 миллион сомдон ашкан карызы бүгүнкү күнгө чейин төлөнө электигине байланыштуу. Учурда апрель айынын маянасынын 50 пайызы берилип баштады. Ал эми май айынын айлыгы июнь айынын 15ине чейин эсептелип, андан соң төлөнүп берилет", - деп айтылат маалыматта.