Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жоголгон 7 жаштагы М.Н. аттуу баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, баланын жансыз денеси кечээ, 3-июнь күнү табылган. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан 32 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 5 адам чыккан. Саат 16:15те Папан айыл аймагынын Жаңы-Чек тилкесиндеги Кайырма каналынан баланын жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Ал эми кечээ, 3-июнда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында саат 13:17де Шамалды-Сай шаарчасындагы Левобережный каналына 2 жаштагы бала түшүп кеткен. Саат 14:00дө жергиликтүү тургундар тарабынан баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
17-май күнү Нарын районундагы Он-Арча суусуна агып кеткен С.Н. аттуу 6 жашар кыз дагы деле табыла элек.