Депутат өкмөткө "өлкөдө абал кандай?" деген суроо салды

"Акыркы учурда белгилүү адамдар кармалып жатат, айрым сенсациялык жагдайлардын бети ачылууда, өлкөдөгү абал кандай?" деп бүгүн, 4-июнда парламенттик Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Жаныбек Бакчиев суроо салды.

"8-июнь күнү ШКУнун саммитинин алдында КСДП партиясы чоң митинг өткөрүүнү пландап жатат. Ушул эле учурда өкмөт тарабынан убактылуу митинг өткөрүүгө тыюу салынууда. Өлкөдө мыйзамдуулукту, коопсуздукту сактоо үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?" деди депутат.

Буга вице-премьер-министр Жеңишбек Разаков: "Коомдук саясий кырдаалды көзөмөлдөө үчүн штаб түзүлгөн. Ал штабга биздин укук коргоо органдары кирет. Алар Ички иштер министрлиги, УКМК жана башка органдар. Жума сайын биз абалды талкуулап, алдын алуу иштерин жана эскертүүлөрдү беребиз. Коомдук тартипти жана мыйзамды сактоо боюнча тиешелүү аракеттер жүргүзүлүүдө. Ал эми чуулуу иштер жана коррупция боюнча Башкы прокуратура иш жүргүзүүдө", - деп жооп берди.

Башкы прокуратуранын өкүлү мыйзамдуулукту сактоо үчүн тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

“ЖМКлар 8-июнда чоң митинг өтөт деп жазып жатышат. Бул тууралуу маалыматыңыздар барбы? Аны эске алып койсоңуздар” деди депутат.

ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов: “Тынч митингди өткөрүү мыйзамынын негизинде кайсы жерлерде митинг өткөрүүгө болору жана кайсы жерде болбой турганы белгиленген. Баары жакшы жана тынч болот деген ойдобуз”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан