Бүгүн, 5-июнда Ош шаарында Айт намазы "Сулайман-Тоо" мечитинде жана башка мечиттерде да окулду. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Айт намазына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жана 10 миңге чукул шаар тургундары катышты.
Намаз убактысына чейин Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев куттуктоо сөзүн айтып, Айт намазынын маанисин түшүндүрдү. Ал жалпы элге ыймандуулук, сабырдуулук жана ата-энени урматтоо тууралуу баян айтты.
Узарбек Жылкыбаев жана Таалайбек Сарыбашов кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктап, тилектерин билдирди.