Бүгүн, 6-июнда Бишкекте ырчы Максат Садырбеков сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиевага баш кошуп, түгөйлөрдүн заманбап тою өтүүдө. Бир нече күн мурда ырчынын апасы Айсулууга сөйкө салган.
Максат Садырбеков жубайына ыр арнап жаткан видеосун социалдык баракчасына жайгаштырган. Азыркы учурда түгөйлөр сейилдөөдө жүрүшөт, бир нече сааттан соң шаарыбыздын тойканаларынын бирине барышат. SUPER.KG порталы бул үлпөт тойдон кызыктуу репортаждарды даярдайт.