Бүгүн, 4-июнда ырчы Максат Садырбековдун апасы Гүлмира айым болочок келини Айсулуу Молдалиевага сөйкө салды. Бул тууралуу эстрада ырчысы Джонни SUPER.KG порталына билдирди.
"Азыр Айсулуунун үйүндөбүз. Максаттын апасы Гүлмира аяш апабыз Айсулууга сөйкө салды. Өкүл ата менен өкүл апа эстрада ырчысы Бактыгүл Бадыева жолдошу менен болду", - деди Джонни.
Максат Садырбеков 9 жылдан бери сүйлөшүп келген сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын туулган күнүндө колун сураган жана Орозо айы бүткөндөн кийин бойдокчулук менен кош айтышарын буга чейин билдирген. Түгөйлөрдүн заманбап үлпөт тою 6-июнда өтөт.