Өзүн "КСДПнын жаңы төрагасымын" деген Сагынбек Абдрахманов Алмазбек Атамбаевди сотко бергени жатат

Өзүн "КСДПнын жаңы төрагасымын" деген Сагынбек Абдрахманов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна арыз жазганы жатат. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, учурда тиешелүү материалдар даярдалууда. "Юстиция министрлиги өзүнүн расмий сайтында партиянын төрагасы тууралуу маалыматты өзгөрткөндөн бери Атамбаев партиянын төрагасы эмес. Атамбаевдин "КСДПнын съездин өткөрдүм" деген сөздөрүн калпка чыгарабыз", - деди Абдрахманов.

Алмазбек Атамбаев экс-президенттер тууралуу мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу төрагалыктан жана партиянын курамынан убактылуу кеткен. Бул мыйзам боюнча экс-президенттерге саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан