Өлкөдө жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр чыгарылат. Алардын баасы эки эсе арзан болот

Мамлекеттик каттоо кызматы калктын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө өтүү процессине даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов президент менен жолугушууда билдирди.

Мамбетовдун айтымында, жаңы күбөлүктөрдүн баасы эки эсеге арзан болот. "Буга чейин бул иш менен жеке менчик компания алектенчү, эми бул долбоорду Мамкаттоо кызматы ишке ашырат", - деди ал.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы жаңы айдоочулук күбөлүктү киргизгенге чейин бул документти биринчи жолу же жаңыдан алып жаткандар үчүн убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизилерин баса белгиледи.

Алмаз Мамбетов жарандардын жүгүн жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды оптимизациялоо жүргүзүлөрүн, ошондой эле өлкөнүн Калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызматтардын жаңы түрлөрү кошумча киргизилерин да айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
jigit.paren
2019-06-06 21:35:44
Качантан баштап чыга баштайт?
+4
bond0202
2019-06-06 21:49:02
эки эсе арзан деп туруп башка жагынан он эселеп чыгарып алышат.элди тоноонун жаны турун ойлоп атышат
+13
aziret-92
2019-06-06 21:55:11
"Отуу процессине даярдык коруп жатат" дегенине караганда бироонун эле бизнеси го деген ойго келдим,автоунааларды жаны номерлерге откоргон сыяктуу.
Балким эскилерди алмаштырбай,жаны улгудогу айдоочулук куболуктор берилип баштаса анда "БАЛИ" дегенден башка соз айтпайбыз.
+8
Altyn2017
2019-06-06 22:10:46
ошондо эски куболуктор жараксыз болуп калабы.
0
Rifle_I
2019-06-06 22:21:37
Altyn2017,жарактуу мөөнөтү бүткөндө алмаштрасыз.
0
Defend.
2019-06-07 10:53:21
Rifle_I, 2014-жылга чейинки правалардын жаракту мөөнөтү жазылган эмес
+1
Parish
2019-06-06 22:34:24
Бул жон гана бизнес,
+6
Ali-han
2019-06-06 22:50:13
Права кантип окубай алса болот туугандар? Айдаганды правиланы баарын билем. Учурда москвадамын. 20000 сом берип ала койдум
-5
KaGaH
2019-06-07 06:29:49
Ali-han,лучше окуп ал,тормоз менен газдын айырмасын бил хотя бы,Чынгызга окшоп алмаштырып алба))
+4
Ali-han
2019-06-07 14:15:04
KaGaH,я не спал 3 дня деппи?
+1
KaGaH
2019-06-07 15:19:35
Ali-han,ха ха ха
0
temirov76
2019-06-07 09:50:58
СССР мезгилинде айдоочулук куболук паспорт машина номерлеринин бир эле туру болчу эле,азыр эми паспорттун 3 туру машинанын номеринде 2 айдоочулук куболуктун 2 дагы жанысы чыкса 3туру болот экенда,каалаганынды коюп каалаганынды тагып алып айдай бересин.
+2
erjigit-e.15
2019-06-07 10:46:35
Улгусун корсотпойбу?
0
admin_portal
2019-06-07 11:58:24
Sema87, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан