Таласта каза болгон кош бойлуу келин. Министрликтин версиясы

Талас облусунун Кара-Буура районунда каза болгон кош бойлуу келиндин өлүмү "күтүлбөгөн жерден өлүм синдрому" деп катталган. Ал ооруканага келгенде оорлошуп жана бир колу эч нерсе сезбей жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1991-жылы туулган А.А. аттуу кош бойлуу 27-апрель күнү "Чымкент" №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна каттоого алынган. Ал эми кош бойлуулугунун 32-жумасына чейин Бишкек шаарында каттоодо болгон.

"Кош бойлуу келин Кара-Буура районуна каттоого алынганда тиешелүү анализдерди тапшырган. Анын жыйынтыгы боюнча баары нормадан ашыкча эмес экени аныкталган. Окуя болгон күнү 3-июнда саат 9:00дө №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна келип, эпигастралдык ооруга даттанган. Мындан улам ал күйөөсүнүн жана медайымдын коштоосунда Кара-Бууранын райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жөнөтүлгөн. Ал жактан кош бойлуу ультра добуштуу изилдөөгө кирип, баланын жүрөк согуусу жана кыймылы нормада экени аныкталган. Дарыгердин "өзүңдү кандай сезип жатасың?" деген суроосуна ал оң колу уктап, сезбей жатканын жана өзүн оор сезип жатканын айткан. Дарыгерлер андан кан алып текшеришкен. Кийин келин коридорго чыгып, басып баратып эс-учун жоготкон. Бейтапкананын кызматкерлери дароо сүйрөгүчкө салып жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. 25 мүнөт бою дарыгерлер өмүрүн сактап калууга аракет жасашкан. Бирок келиндин каза болуп калганы аныкталган", - дешти министрликтен.

Белгилүү болгондой, маркумдун жакындары соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан. Бул факт 38 жума кош бойлуулук, күтүлбөгөн жерден өлүм синдрому деп катталган.

Каза болгон келин курсагындагы баласы менен кошо көмүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
PROS
2019-06-08 07:34:53
Иммунитети түшүп кеткен болсо керек эле да, менин келинчегимдин да иммунитети өтө эле түшүп кеткен экен, эки колунан кан алганда башы айланып жыгылган жеринен медиктер араң өзүнө келтиришкен. Кош бойлуу кезинде келинчегиңерге жакшы көңүл бургул жигиттер! Алар деген биздин тукумду улай турган инсандар!
+14
NURGUI88
2019-06-09 18:43:54
+
0
Shaa-82
2019-06-08 09:24:35
Баласын алып калса болбойт бекен эле ээ операция жолу мененби? Жаман болуптурда байкуш келин озу да биринчиси экенле
+1
Rifle_I
2019-06-08 12:05:07
Shaa-82,биринчи иретте апасынын өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан.
0
aida007
2019-06-08 10:33:48
Ииии кудайым сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан