Бүгүн, 8-июнда Бишкекте "Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн" деген аталыштагы митинг өтөт. Акция саат 11:00дө башталып, "Медиа-Форум" имаратынын алдында өтмөкчү.
Митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев, саясий партиялардын, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, мүчөлөрү катышары күтүлүүдө. Мындан тышкары уюштуруучулар коррупцияга кайдыгер карай албаган жарандардын баарын бул иш-чарага чакырууда.