Атамбаев: "Коррупция менен жасалма күрөш коррупциянын өзүнөн коркунучтуу"

Бүгүн, 8-июнда Бишкекте "Форумдун" алдында КСДПнын коррупцияга каршы митинги өтүүдө. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү.

"Коррупцияга каршы жасалма күрөш коррупциянын өзүнөн коркунучтуу. Анткени эл ишенип жүрө бергенде жаман иштерди жасаса болот. Бирок узак алдаган болбойт, карапайым калк баарын түшүнүп калды", - деди Атамбаев.

"Мени бийликте калсаңыз болмок деп жатышат. Эгер бийликти кааласам, Конституцияны өзгөртүп экинчи мөөнөткө калмакмын. Эл мени колдомок деп ойлойм. Бирок жаш өкмөт иштеп, аксакал президент аларга кеңеш берип турат деген жакшы идея болгон. Мен баарын өзүмдөй көрүптүрмүн. Жаңы бийлик Сапар Исаковду жок жерден камады. Анын күнөөсү Матраимовду кызматтан кетирип, Бажы кызматын Жээнбековдор менен Матраимовдордун адамдарынан тазалап баштаганы болуп калды", - деди экс-президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан