КСДПнын коррупцияга каршы митинги соңуна чыкты. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.
Митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Анвар Артыков, "Апрель" фондунун төрагасы Фарид Ниязов жана камакка алынган КСДПнын мүчөлөрүнүн туугандары катышты.
Асел Кодуранова билдиргендей, бүгүнкү митинг камакта отурган партия мүчөлөрүнүн туугандарына сөз берүү максатында уюштурулду. "Тарапташтарыбызды камоо жана коркутуу аракеттери токтобосо, бийликтин отставкасын талап кылабыз", - деди Кодуранова.
Журналисттердин "Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин аны кармап кетиши мүмкүнбү?" деген суроосуна Кодуранова "Убакыт көрсөтөт, бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар Атамбаевге каршы уюштурулуп жатканы көрүнүп турат. Биз лидерибизди коргойбуз" деп жооп берди.